"Төө-Ашуу" ашуусуна кар жаады, унаалар үчүн жол ачык. Видео
RU

"Төө-Ашуу" ашуусуна кар жаады, унаалар үчүн жол ачык. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аба-ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу бүгүн, 20-сентябрда "Төө-Ашуу" ашуусунда кар жаап баштады. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жаап жаткан жамгыр карга айланган.

Аталган башкармалыктан Бишкек-Ош жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унаанын дөңгөлөктөрүн алмаштырууга, унаалар ортосундагы белгиленген аралыкты сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен карды тазалоо иштери Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 0-26-чакырым аралыгында жүрүп жатканын маалымдашты.

Азыркы учурда унаа кыймылына чектөөлөр жок.

Белгилесек, ӨКМдан 20-22-сентябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондорго кар жаай турганын маалымдашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14474