Футзал боюнча кыргызстандык экс-калыс Гиннестин рекорддор китебине кирди
RU

Футзал боюнча кыргызстандык экс-калыс Гиннестин рекорддор китебине кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ФИФАнын футзал боюнча кыргызстандык экс-калыс Нурдин Букуев Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул туурасында Кыргызстандын футбол союзунан кабарлашты.

Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпионатын тейлөө саны боюнча дүйнөнүн абсолюттук рекордчусу, ошондой эле бул көрсөткүчкө жеткен биринчи жана жалгыз футзал калысы. Анын эсебинде төрт дүйнөлүк биринчилик бар: алар Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 Дүйнө чемпионаттары.

2013-жылы Азиянын мыкты калысы, ошондой эле 2012, 2019 жана 2021-жылдары Кыргыз Республикасынын мыкты каласы деп табылган. Арбитрдик карьерасын аяктагандан кийин Азия футбол конфедерациясы Букуевдин эмгегин баалап, ага атайын сыйлык ыйгарган.

Кыргыз футболдук союзундагы көп жылдык кызматынан кийин Букуев 2021-жылы анын башкы катчысы болуп дайындалып, ушул күнгө чейин аталган кызматта иштеп келет.

2022-жылы өлкөдө футболду жана анын түрлөрүн жайылтууга жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик "Даңк" медалы менен сыйланган.

Букуев быйыл АФКнын Калыстар комитетине да мүчө болуп, учурда өз ишмердүүлүгүн эл аралык мелдештердеги инспекторлук иши менен айкалышырып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14603