"Бардыгын кадр чечип жатат". Камила Талиева кесиптештерин шашпоого чакырды
RU

"Бардыгын кадр чечип жатат". Камила Талиева кесиптештерин шашпоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде билим берүү министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги каралууда. Жыйында депутат Камила Талиева мугалимдердин көйгөйү көп экенин айтып, кесиптештерин кадр тандоодо шашпоого чакырды.

"Бардык нерсени кадр чечип жаткан учурда шашпайлычы. Мамлекеттин, элдин, келечектин тагдыры. Дагы шашкыла! Кайда шашабыз? Шашып келген жерибиз белгилүү болду го. 2 жылда билим берүүгө алтынчы министр келет деген эмне?! Бизге туруктуулук керек, министр туруктуу иштеши керек деген саясат бар, башка саясат жок. Мугалимдер ошону гана каалайбыз. Министр кем дегенде 5 жыл иштегенде гана жыйынтык болот, 1 жылда эч нерсе чыкпайт", - деди.

Камила Талиева өзү да мугалим болгонун, ошентсе да министрди дайындоодо эч кимге кошомат кылбаганын белгиледи.

"Мен мугалим болуп жүргөм. Министрди дайындап жаткан учурда көкөлөтүп бирөөнү мактаган да эмесмин, мактабайм дагы. Ачуу болсо да чындыкты айтыш керек. Мамлекет бизге маяна берип жатабы, шарт түзүп жатабы анда колубуздан келишинче иштешибиз керек. Эптеп эле убакыт өткөрүп, бири-бирибизге көрүнүп, хайп үчүн анан лайк үчүн жашаганды токтотушубуз керек", - деп популизмден алыс болууга чакырды.

Камила Талиева Билим берүү жана илим министрлигине илимий даражасы барлар, жок дегенде талапкер илимдин кандидаты болуш керек деп кошумчалады.

"Мен коркуп жатам, сиз кантип бара жатасыз. Ал тармак оор, өтө оор", - дейт Талиева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14631