Бейөкмөт уюмдар "Нарматованын пакетинин" корутундусу менен таанышып чыгууну өтүнүштү
RU

Бейөкмөт уюмдар "Нарматованын пакетинин" корутундусу менен таанышып чыгууну өтүнүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Адилет" укуктук клиникасы жарандык коомдун өкүлдөрүнүн атынан Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Чолпон Султанбековага кайрылды.

Кайрылуу жасоого Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде "Бейөкмөт уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү (кеп депутаттар тобу – Надира Нарматова, Жылдыз Сарыбаева, Искендер Матраимов, Акылбек Түмөнбаев ж.б. демилгелеген "чет элдик агенттер жөнүндө" мыйзам долбоору жөнүндө болуп жатат) каралып жатканы себеп болду.

"Адилет" укуктук клиникасы Султанбековага жолдогон катында мыйзам долбоорун тиешелүү комитетте кароо мыйзам бузуулар менен өткөндүгүнө көңүл бурат.

Алсак, "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" жана "Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзамдарда ченем жаратуу жол-жоболору, башкача айтканда мыйзамдарды кабыл алууда кандай жол-жоболор сакталышы керектиги так белгиленген.

"Мыйзамдарды сактоо - мыйзам үстөмдүгү менен укук үстөмдүгүнүн өзөгү болгон, ошондой эле мамлекеттик органдардын, анын ичинде Конституцияга ылайык эл бийлигинин үстөмдүгүн билдирген жана камсыз кылуучу парламенттин ишмердүүлүгү боюнча элдин ишенимине таасирин тийгизген мыйзамдардын талаптарын камсыз кылууда жатат", - деп айтылат депутат Чолпон Султанбековага жолдонгон катта

Мыйзам долбоорунун баяндамачысы депутат Надира Нарматова чындыкты бурмалаган жана комитеттин отурумуна катышкандардын бардыгын адаштырган маалыматтарды берди.

"Докладда мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлер жана сунуштар келип түшпөгөндүгү айтылды. Буга чейин мыйзам долбоорун кабыл алуудагы тобокелдиктер юристтер, эл аралык эксперттер жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан даярдалган ар кандай укуктук анализдерде жана макалаларда бир нече жолу белгиленген. "Адилет" укуктук клиникасы" коомдук фонду коомдук талкуунун алкагында даярдалган мыйзам долбоорунун анализин Жогорку Кеңешке жөнөткөн. ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өтүнүчү боюнча, аталган мыйзам долбоору жөнүндө 2022-жылдын 12-декабрында өзгөчө убактылуу корутунду даярдалган", - деп айтылат кайрылууда.

Маалымкат-негиздемеде сын-пикирлер эске алынган эмес

Мыйзам долбоору боюнча маалымкат-негиздемеде коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат жок. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46-беренесинин талаптарына ылайык, сунушталган мыйзам долбооруна милдеттүү түрдө маалымкат-негиздеме тиркелиши талап кылынат. Анда керектүү маалыматтар, анын ичинде мыйзамдан улам мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттер жөнүндө маалыматтар берилип; коомдук угуулардын, коомдук талкуулардын жыйынтыктары жөнүндө; мыйзам долбоорунун мыйзамдык базаларга шайкеш келиши жөнүндө маалыматтар камтылуусу талап кылынат.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинде, ченем жаратуучу орган тарабынан ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоо камсыз кылынат деп белгиленген:

  • ченемдик укуктук актынын долбоорунун тексти менен таанышууну камсыз кылуу;
  • коомдук талкууга катышуучулардан түшкөн сунуштарды кабыл алуу, кароо жана жалпылоо;
  • коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштар боюнча аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен жыйынтыктоочу маалыматты даярдоо. Корутунду маалымат ченемдик укуктук актынын долбооруна тиркелчү маалымкат - негиздемеде чагылдырылат.

Коомдук талкуунун жүрүшүндө "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" КР мыйзамына жана КР Кылмыш-жаза кодексине) мыйзам долбооруна концептуалдык мүнөздөгү көптөгөн сын-пикирлер жана сунуштар жөнөтүлгөндүгүн эске алуу менен, аталган мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде бардык келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар боюнча толук маалымат чагылдырылып, алардын ар бирин эсепке алуу же эске албай коюунун негиздүү позициясын көрсөтүү зарыл. Тилекке каршы, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын бул талабы демилгечи депутаттар тарабынан этибарга алынган жок.

Маанилүү мыйзамдарды үч окууда дароо кабыл алууга болбойт

Комитеттин төрагасына жолдогон катта укук коргоочулар мыйзам долбоорун мындан ары кароодо депутаттар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамдардын талаптарынын так аткарылышын камсыз кылат деген ишенимин билдиришкен.

Ушуга байланыштуу эске сала кете турган жагдай, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесине ылайык, мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч жолку окууда депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Бирок! Мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеште кароонун жана аларды кабыл алуунун жол-жоболорун жөнгө салган "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамында мыйзам долбооруна экспертиза жүргүзүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү, аны жооптуу комитеттерде кароо, ошондой эле мыйзам долбоорун үч жолку окууда кароо жана кабыл алуу каралган.

  • Жооптуу комитет мыйзам долбоорун алдын ала кароону ал келип түшкөн күндөн тартып 30 жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзгөндүктөн, Жогорку Кеңештин Аппаратынын эксперттик жана лингвистикалык кызматтарынын корутундулары жок туруп, мыйзам долбоорун жооптуу комитет тарабынан алдын ала кароосуна жол бербейт.
  • Аппараттын эксперттик кызматтары мыйзам долбоору боюнча да, мыйзам долбоорлорунун пакети боюнча да укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизалардын жыйынтыктары менен корутундуларын жооптуу комитетте аларды карап биринчи окууга киргизүүгө чейин жана мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө киргизилген өзгөртүүлөргө да берүүгө милдеттүү.
  • Ошол эле учурда мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү экинчи окууда кароо, мыйзамды биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин 20 жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
  • Мында мыйзам долбоорун ар бир окуунун ортосундагы убакыт аралыгы 10 жумушчу күндөн кем эмес жана 30 жумушчу күндөн ашпоого тийиш.
  • "Нарматованын пакетин" бир эле учурда экинчи жана үчүнчү окууда же үч окууда кабыл алууга болбойт, анткени бул регламентти бузуу болуп саналат.

Укук коргоочулар Чолпон Султанбековадан аталган мыйзам долбоорун комитетте кароого чейин жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кеңири катышуусунда парламенттик угууларды өткөрүүнү жана төмөнкү документтерди берүүнү суранат.

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын эксперттик кызматтарынын мыйзам долбоору боюнча укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизаларынын жыйынтыктары менен корутундулары ("КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" КР Мыйзамынын 49-беренеси).
  • Коомдук талкуунун жыйынтыктары боюнча келип түшкөн сунуштар жөнүндө аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен жыйынтыктоочу маалымат ("КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө" КР Мыйзамынын 22-беренеси).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14697