Садыр Жапаров: Коррупциянын тамырын 90% кестик, бюджет толукталып жатат
RU

Садыр Жапаров: Коррупциянын тамырын 90% кестик, бюджет толукталып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров коррупция менен күрөш жана тышкы карыз боюнча социалдык тармактагы баракчасына түшүндүрмө берди. Анда өлкө эгемендик алып, өз алдынча мамлекет болгон күндөн тартып 2020-жылга чейин чогулган карыз 5 миллиард доллардын тегереги болгонун белгиледи.

"Ушул карызды үстөгү менен толук кайтара турган мезгил менин жана менин командамдын бийликте турган мөөнөтүнө туш келип олтурат. Пандемияга чейинки Кыргызстандагы кризис, бюджеттин тартыштыгы, пандемиядагы жана пандемиядан кийинки кризис жана дүйнөдө болуп жаткан азыркы каатчылыктарга карабай, өз убагында төлөп келе жатабыз.

Өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса, мындан ары да төлөп кетүүгө толук күчүбүз жетет.

Анткени бюджетибизди 2020-жылга чейинки убакытка караганда үч эсе көтөрүп алдык", - деди.

Бүгүнкү күндө жемкорлук менен күрөштүн артында бюджет толукталып жатканын айтат.

Коррупциянын тамырын 100 пайыз кыркып бүтө элек болсок дагы, 90 пайызын жойдук. Ошол үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат.

Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдары "тышкы карызыбызды кантип төлөйбүз, төлөбөсөк жерлерибиз кетет экен" деп элибиз бушайман боло баштаган. Азыр андай кыжаалатчылык жок.

Тескерисинче, тышкы карызды төлөө менен бирге эле:

  • эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүп жатабыз;
  • армиябызды күчтөөнүн үстүндөбүз, акыркы эки жылда эле эки миллиард долларга жакын каражатка жаңы үлгүдөгү заманбап техникаларды сатып алдык;
  • жолдор салынууда;
  • мектептерди, бала-бакчаларды, темир жол, ири ГЭСтерди, аэропортторду куруп жатабыз;
  • ички аба каттамдар үчүн төрт учак сатып алуудабыз;
  • 1000 автобус сатып алдык.

Белгилей кетчү жагдай, тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу келерки - 2024-жылга туура келүүдө (төмөндөгү диаграммадан көрсөңүздөр болот). Эң башкысы биз тышкы карызды өз күчүбүз менен, тактап айтканда, бюджеттик каражаттардын эсебинен жаап жатабыз.

Мурда болсо кайсыл бир бөлүгүн кайра эле тыштан же грант, же карыз алып жапчубуз.

Эгер азыркы тышкы карызыбызга кетип жаткан акча казынабызда калганда, мындан да көп жумуштар аткарылмак. Эмгек акылар, пенсия, жөлөк пулдардын өлчөмү мындан да көп эсе жогоруламак", - деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14869