Чет элдиктерге гана интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жай аныкталды. Сүрөт, видео
RU

Чет элдиктерге гана интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жай аныкталды. Сүрөт, видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте чет элдик жарандарга гана интимдик кызмат көрсөтүүгө адистешкен уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталды. УКМК тарабынан топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Коопсуздук комитеттин маалыматында айтылгандай, атайын топ үйлөнүү үлпөт салону деп каттатып, иш жүзүндө чет өлкөлүк жарандардын бош убактысын өткөрүү үчүн жашыруун жай, ошондой эле интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү уюштурулганы аныкталган.

Көмүскө жайга жаш кыздарды официант катары ишке алуу механизми түзүлүп, анын жүрүшүндө уюштуруучулар аларды ар кандай шылтоолор, анын ичинде коркутуу, шантаж жана каржылык көз карандылык аркылуу сойкулукка тартууга активдүү аракет кылышкан.

Бул жай тар чөйрө үчүн уюштурулуп, чет элдик жарандар гана бара ала тургандыгы өзгөчө көңүл бурдурат (балким жашыруун тасма тартылып, алынган айыптоочу далилдер бул боюнча укук коргоо органдарына кайрыла албай турган чет элдиктерди шантаж кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн).

Топтолгон материалдардын негизинде 10-ноябрда керектүү тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, текшерүү учурунда көмүскө жайда 30дан ашык кыз жана 16 чет элдик жаран болгон. Бул иштерге жашы жете элек кыздардын тартылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин ("сойкулук кылууга тартуу") негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында бул жайдын уюштуруучулары Б.Б., М.К. жана Н.Ч. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган жайдын мамлекеттик кызматкерлердин ичинен бейформал колдоочуларын, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14932