Ошто жашы жете элек кыз электр араасына кулагын алдырып жибере жаздады
RU

Ошто жашы жете элек кыз электр араасына кулагын алдырып жибере жаздады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасына эки күн аралыгында кулагы кесилген жана колунун билеги кесилген бейтаптар кайрылган. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

"Биздин клиникалык ооруканага электр араасы менен кулагы кесилген кыз кайрылган. Андан кийин колун чөп майдалаган аппарат кесип, эти жана бармак сөөктөрү сынып, эзилип калган абалда бала жеткирилген. Колубуздан келишинче жардам берип, калыбына келтирип, операция жасадык", - дешет бейтапканадан.

Электр араасы менен кулагы, бети кесилген кызга операцияны тажрыйбалуу дарыгер-травматолог Тамырлан Абдыкадыров жана лор дарыгер Нурали кызы Айдана жасашкан.

Ал эми билеги кесилген балага травматолог Мунарбек Табалдиев операция жасаган.

Бул окуялардан кийин ооруканадан ата-энелерге кайрылуу жасашты.

"Балдарды үй-бүлөлүк жумуштарга тартуу менен өмүрүнө тобокелчилик жаратып жатканыңыздарды эске алсаңыздар. Техникалык коопсуздукту сактаңыздар", - дейт дарыгерлер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15254