Блогер Арген өзүнүн жана Аружандын кырсыктан кийинки абалын айтты
RU

Блогер Арген өзүнүн жана Аружандын кырсыктан кийинки абалын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Арген Асанов кырсыктан кийин Аружан Бекешеванын абалы тууралуу айтты. Ал окурмандарынын суроолоруна жооп берип жатып, өзү дагы учурда дарыланып жатканын билдирди.

"Аружандын ден соолугунда өзгөрүү бар. Бирок 3-4 ай баса албайт, буюрса жазга чейин басып калат деген үмүттөмүн. Мен жанындамын. Ал эми өзүм дарыланып жатам, башымдан, белимден сокку алгам", - деген Арген.

Эскерте кетсек, түгөйлөр 25-декабрда Баткенге бара жатканда жол кырсыгына кабылышкан. Анда айдоочу рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен. Кырсыктан кийин айдоочу жана блогерлер ооруканага кайрылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15257