Кыргызстандагы биринчи бекер бөйрөк алмаштыруу. Бейтап жана донор ооруканадан чыгарылды
RU

Кыргызстандагы биринчи бекер бөйрөк алмаштыруу. Бейтап жана донор ооруканадан чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бөйрөгүн алмаштырган бейтап жана анын донору ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Эскерте кетсек, 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы кызга Кыргызстанда биринчи жолу бекер бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган. Кызга анын атасы донор болду.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтапка жана анын атасына барып, алардын ден соолугунан кабар алды. Органды трансплантациялоо ийгиликтүү болду. "Биринчилерден болуп бекер операция жасалды. Бүгүн үйүңүзгө чыгарылып жатасыз. Өзүңүзгө кам көрүп, дарыгердин көзөмөлүндө болосуз", - деди ал.

Бейтаптын атасы бул операцияга шарт түзгөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирди.

Борбордун жетекчилиги аларга бөйрөк алмаштыруу боюнча 50гө жакын адам кайрылганын билдирди. Ал эми 12-февралда дагы бир операция өткөрүлөт.

2024-жылы мындай 50 операция жасоо пландалган. Кийинчерээк муктаж болгон ар бир адамдын органын алмаштыруу чечими кабыл алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15511