Улуттук госпиталдын кош бойлуу медайымына кол көтөргөнгө шектүү кармалды
RU

Улуттук госпиталдын кош бойлуу медайымына кол көтөргөнгө шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө кош бойлуу медайымга бейтаптын тууганы кол салган окуя боюнча медайымдар ассоциациясынан УКМКГа кайрылышыкан. Алар кол салган жаранга тиешелүү чара көрүүнү суранган дешет коопсуздук комитеттен.

Тергөөнүн жүрүшүндө ушул жылдын 19-февралында медайым оор абалдагы бейтапты таңуу процедурасын жүргүзүү үчүн Б.А.ны (бейтапты карап жаткан жаран) палатадан чыгып туруусун суранганы, бирок Б.А. терс мамиле жасап, кош бойлуу медайымды себепсиз сабаганы аныкталган.

Натыйжада медайымдын башы көгөрүп, боюнан түшүү коркунучу бар деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Аталган фактыларды текшерүүнүн жыйынтыгында 280-берене ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү Б.А. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

УКМК мамлекеттик кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өз позициясын чечкиндүү түрдө билдирет жана аларга карата кол салууга жол берилбестигин эскертет. Ушундай эле фактылар аныкталса КР мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт дешет комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15593