Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу сунушталды
RU

Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев (Садыр Жапаровдун кудасы) Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну сунуштады. Айтымында, бүгүнкү күндө президент жана УКМК тарабынан коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатат.

"Буга чейин жемкорлук кылып, элдин ырыскысын жеп келген "Раим миллион", Райымбек Матраимов менен табакташ болуп, жанында жандап жүргөн деп 2-3 депутатыбыз кетти. Дагы кетиребиз деп аракеттерди көрүп жатат. Өкмөттө иштеген министрлерди да кетирип жатышат.

Бирок Райымбек Матраимовду саясий аренага алып келип, партия түзүп берген кишинин аты аталбай, унутулуп, мамлекеттин төрүндө, мамлекеттин эсебинен жашап жүрөт.

Ал ким? Ал Сооронбай Жээнбеков. Президент болгонго чейин губернатор жана премьер-министр болгон. Дагы бир экс-президент Алмазбек Атамбаев, анын айдоочусу Икрамжан Илмиянов ошол кишин колдоп, коштоп, жетекчилик кызматка чейин алып келишкен. Канча деген жаштарыбыз кылкылдап, көчөдө митинг кылганда Жээнбеков эч нерсени байкамаксан болуп отурган.

Бүгүнкү күндө экс-президент болуп төрүбүздө - мамлекеттик резиденцияда отурат. Президент Садыр Нургожоевич аны экс-президент кылып калтырдык деп айтып келет. Бирок мындай болбошу керек. Коррупция менен күрөш бирдей болушу керек", - деди Түмөнбаев.

Депутат ошондой эле Жээнбековдун тушунда иштеген бир нече аткаминерлерди да жазага тартууну сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15627