Күрөш боюнча балбандарга Жоломан Шаршенбеков жана Руслан Царевге машине белек кылышты
RU

Күрөш боюнча балбандарга Жоломан Шаршенбеков жана Руслан Царевге машине белек кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күрөш боюнча Дүйнө кубогунда алтын байге алгандыгы үчүн балбан Жоломан Шаршенбековго автомобиль белек кылышты. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram баакчасына жазып чыккан.

Жоломанга Mercedes-Benz W211 үлгүсүндөгү унаанын ачкычы ыйгарылды. Ал эми ошол эле турнирде коло медаль алган Руслан Царевге Toyota Camry 50 үлгүсүндөгү машине белек катары берилди.

Эске салсак, Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда Кыргызстандын айымдар курама командасы үч медаль алышты (эки алтын жана бир коло). Биринчиликти Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Джуманазарова алса, Айпери Медет кызы коло медалды илип кетти.

Грек-рим күрөшү боюнча да кыргызстандыктар үч медаль алышкан - бир алтын жана эки коло. Жоломан Шаршенбеков кубоктун жеңүүчүсү аталса, Руслан Царев менен Калы Сулайманов коло байгелерине ээ болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/159