Президент Ноокат жана Ысык-Көлдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындады
RU

Президент Ноокат жана Ысык-Көлдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№5 Ноокат жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнга дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башычынын маалымат кызматы билдирди.

Буга байланыштуу Башкы прокуратурага шайлоодо Конституциянын жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу, министрлер кабинетине аны өткөрүүгө каражат бөлүү, коопсуздукту камсыздоо жана башка милдеттер тапшырылды.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо аталган округдардан депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу жана Максатбек Сарыбагышевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу өткөнү жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16058