УКМКнын казакстандык ишкерди издөөгө алганы боюнча коңшу тарап үн катты
RU

УКМКнын казакстандык ишкерди издөөгө алганы боюнча коңшу тарап үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчы Көлбаевдин иши боюнча издөөгө алынган казакстандык ишкер Владимир Жуманбаев боюнча коңшу өлкөнүн "Казахмыс" компаниясы билдирүү жасады.

Кечээ, 5-июнда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Казакстандын жараны, ишкер Владимир Жуманбаевге Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында эл аралык издөө жарыялаган белгилүү болду. Жуманбаев "Казахмыс Холдингдин" топ-менеджери, "Алтын Алмас" жана "Каражыра" компанияларынын акционери.

"Владимир Жуманбаевдин УКМКнын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн структураларга эч кандай тиешеси жок экенин билдиребиз. Учурда Жуманбаев эмгек өргүүсүндө. Ал укук коргоо органдарынан жашынбайт жана тергөөгө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр. Ошол эле учурда Кыргызстандын тергөө органдарынан "Казахмыс", "Алтын Алмас" жана "Каражыра" компанияларынын дарегине расмий кайрылуулар түшкөн эмес", - деп жазат Tengrinews.kz. "Казахмыска" шилтеме берүү менен.

Ошондой эле компаниялар тобу Казакстандын мыйзамдарына ылайык иш алып барары жана кызматкерлерин мыйзам чегинде коргоо чараларын көрүүгө даяр экени белгиленген.

Буга чейин УКМК тергөө ыкчам иш-чараларынын алкагында кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш материалдарынын негизинде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылоо фактылары аныкталган деп билдирген.

Чогултулган материалдардын негизинде В.Жуманбаевге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана "Интерпол" улуттук борбордук бюросу тарабынан издөө жарыяланганы кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16318