Чүйдүн тургуну чиновник чучук, казы-карта талап кылган деп арызданды
Чүйдө мамлекеттик кызматкер жергиликтүү тургундан чучук жана казы-карта талап кылган. Бул тууралуу Чүй облусунун башчысы Элкинбек Аширбаевдин эл менен болгон жолугушуусунда маалым болду.
Арыздануучунун айтымында, Токмок шаарынын шаар куруу-жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары курулушка уруксат алуу үчүн андан тамак-аш жана акча талап кылганын билдирген.
"Бөлүмдүн кызматкери А. У. чучук жана казы-карта, андан кийин акча талап кыла баштаган, "бир литр" жана "эки литр" деген жашыруун сөздөрдү колдонгон. Алардын өздөрүнүн жашыруун сөздөрү бар экен", - деген жергиликтүү тургун.
Президенттин өкүлү бул кайрылуудан кийин залда отурган кызматкерди өз эрки менен арыз жазууга чакырды.
"Ачкасыңбы? Уят иш да бул. Эгерде тергөө башталса, аябай чатак болот. Андыктан арыз жазып, жумуштан кете берсең болот", - деди Элкинбек Аширбаев.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан жогорудагы факты боюнча текшерүү иштери башталганын айтты.
"Токмок шаарынын шаар куруу-жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары У.А. жер тилкесинин максаттуу багытын коммерциялык багыттан турак жай куруу багытына өзгөртүү үчүн кайрылган учурда чучук талап кылганы аныкталган. Аталган кызматкер Чүй ОИИББге алынып келди", - дешет милициядан.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган факты боюнча Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин негизинде чечим кабыл алынары маалым болду.
