Депутат автобустардагы накталай төлөмдү жоюу ыңгайсыз жана мыйзамсыз экенин айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектин коомдук транспортторунда жол кирени накталай төлөөгө тыюу демилгесин сынга алды.
Ал сын-пикирин Фейсбук баракчасына жазып, улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартууда административдик жоопкерчилик каралганын билдирди.
"Автобустарда нак акча берүүгө тыюу салуу жүргүнчүлөр үчүн гана ыңгайсыз болбостон, мыйзамсыз дагы. Ал үчүн жеке адамдар - 3 миң сом, мекеме-ишканалар 13 миң сом айып төлөйт. Мен мэрдин транспортто жүрүү акысын ачык кылуу аракетин колдойм, бул туура. Бирок накталай төлөмгө тыюу салуу туура эмес ыкма", - дейт Бекешев.
Депутат автобуска пенсионерлер, окуучулар, банк картасы жана смартфону жок адамдар, чет жактан келгендер түшөрүн, айрымдарында интернет болбошу мүмкүн деп белгилеген. Ошондой эле накталай төлөмдү жоюу коррупцияга жол ачышы мүмкүн экенин кошумчалаган.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 1-июлдан тартып автобустарда жол кирени накталай төлөөгө тыюу салынарын маалымдаган. Эгер жүргүнчү электрондук төлөм жүргүзө албаса, автобуска киргизилбей турганын айткан.
