Акча алмаштыруучу жайда бычакталган кишинин окуясы. ИИМ кызматтык иликтөө баштады
Ош шаарындагы акча алмаштытуучу жайда бычакталып, кийин каза болгон кишинин окуясына байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракети боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт.
Министрликтен белгилешкендей, азыркы учурда Ички иликтөө кызматы тарабынан окуянын бардык жагдайларын, анын ичинде окуя болгон жерде жүргөн милиция кызматкерлеринин аракеттерин, өз убагында көрүлгөн чаралардын толуктугун ар тараптуу жана объективдүү текшерүү жүргүзүлүүдө.
ИИМ кызматтык тартипти бузуу, шалаакылык же кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбоо боюнча мүмкүн болгон бир дагы факты тиешелүү укуктук баасыз калбай турганын баса белгилейт.
"Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу жоопкерчиликке тартылат", - деп айтылат маалыматта.
