Май куюучу жайлар Бишкектин чет-жакасына көчүрүлүшү мүмкүн
Бишкек мэриясы ижарадагы жерлерге курулган май куюучу жайларды шаардын чет-жакасына чыгарат. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев Көк-Жар конушунун тургундары менен жолугушууда айтты.
Шаар бийлиги менен жолугушууда Көк-Жар конушунун тургуну бир көчөдө 5, ал эми бир чакырым радиуста 8 май куюучу жай бар экенин айтып, ден соолукка зыян келип жатат деген тынчсыздануусун билдирген.
"Эгерде муниципалдык жердеги май куюучу жайдын ижара мөөнөтү бүтсө, биз аны узартпайбыз, тескерисинче, аны борбор калаанын сыртына көчүрүүнү талап кылабыз. Биз мурдагы май куюучу жайдын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды курууга гана уруксат беребиз", - деп жооп кылган мэр.
Жунушалиев кошумчалагандай, учурда Биринчи Май району боюнча үч май куюучу жайдын ээлери менен келишимдер бузулуп, шаардын чегине чыгуу талабы коюлган.
