Кадамжайда жайлоого бараткан өспүрүм мотоциклден кулап каза тапты
372
Кадамжайда жайлоого бараткан өспүрүм мотоциклден кулап каза тапты. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, учурда окуя боюнча текшерүү башталды.
Милициянын маалыматында 28-май күнү өспүрүмдүн өлүмү боюнча билдирүү түшкөнү айтылат.
"16 жаштагы А.А. Көк-Жалаң жайлоосуна мал караганы баратып, жаңы сатып алган спорттук "Эндуро" мотоциклин башкара албай, жыгылып кеткени аныкталган. Ал Чаувай жайлоосунда алган оор жаракатынан улам, "Тез жардам" унаасында ооруканага жетпей жолдо каза болгон", - деп айтылат маалыматта.
Милиция кызматкерлери тарабынан кырсыктын жана өлүмдүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды. Учурда алгачкы текшерүү иштери улантылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17898
