Кытайдан келген эже-сиңдилерди Бишкекте салтанаттуу тосуп алышты. Сүрөт
RU

Кытайдан келген эже-сиңдилерди Бишкекте салтанаттуу тосуп алышты. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдан келген этникалык кыргыз кыздар Риза жана Гүлсанат бүгүн, 28-майда Бишкек шаарында болушту. Шаар мэриясынан кабарлашкандай, эже-сиңдилерди "Супара" этно-комплексинде салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы сапарын Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан атчан башташкан. Алар Кыргызстанга "Торугарт-автожол" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кирип, андан соң Нарын жана Ысык-Көл облустары аркылуу өтүп, Бишкек шаарына келишти.

Бул саякат кыргыз элинин улуттук тамырын, тарыхый байланыштарын жана маданий биримдигин чыңдоого багытталган символикалык демилге катары каралат дешет мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17899