1-июндан тарта жаңы жабдыктар кайсы жол эрежелерин бузууну аныктай баштайт
6
1-июндан тартып республика аймагында жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктоочу жаңы программалык-аппараттык комплекстер расмий түрдө ишин баштайт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы учурда республика боюнча комплекстер орнотула турган аймактарга тиешелүү жол белгилери, "Фотовидеофиксация" эскертүү белгилери жана ылдамдыкты чектөө белгилери коюлуп, даярдык иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Жаңы системалар төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө каттайт:
- белгиленген ылдамдыкты ашыруу;
- коопсуздук курун тагынбоо;
- унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон колдонуу;
- каршы тилкеге чыгуу.
Башкармалыктан заманбап технологияларды киргизүү жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жол кырсыктарын азайтууга жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган дешет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17911
