Суусамырда жол кырсыгынан 4 адам каза тапты, алардын үчөө балдар
RU

Суусамырда жол кырсыгынан 4 адам каза тапты, алардын үчөө балдар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан 4 адам каза болуп, дагы 6 киши жаракат алды. Маалыматты Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-майда Суусамыр өрөөнүндө катталган. Бишкек-Ош жолунун 178-чакырымында Honda Civic унаасынын 30 жаштагы айдоочусу каршы тилкеде келаткан Kia К7 менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 3, 11, 13 жаштагы балдар жана 22 жаштагы дагы бир адам каза болгон. Каза тапкандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени айтылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17916