Президент Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады
RU

Президент Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосун президенттик администрациядан жарыялашты.

"Бүгүнкү күндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн заманында өсүп келе жатасыңар. Билимге умтулган, дүйнө таанымы кенен, Ата Мекенин сүйгөн жаш муун – Кыргызстандын эң чоң байлыгы жана келечеги. Ошондуктан ар бириңер терең билим алып, адептүү, эмгекчил, мекенчил инсан болуп өсүшүңөр абдан маанилүү.

Көп окуп, көп изденип, алдыга бийик максаттарды коюудан коркпогула. Анткени эртеңки күндө силер өлкөбүздү өнүктүрүп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытасыңар. Ар бир кадамыңар ири ийгиликтерге жетелеп, ата-энеңердин, жакындарыңардын жана бүтүндөй өлкөбүздүн сыймыгы болушуңарга тилектешмин. Майрамыңар менен!", - деген Жапаров.

Ошондой эле балдарды бактылуу балалыкта, мээримдүү чөйрөдө өстүрүп-чоңойтуу – баарыбыздын ыйык милдетибиз деп белгилеп, ата-энелерге кайрылды.

"Балага татыктуу тарбия, терең билим берүү – улуттун келечегине инвестиция салуу болуп эсептелет. Мээримге бөлөнгөн, жакшы тарбия көргөн бала эртең эле мамлекеттин чыныгы атуулу болуп жетилет", - дейт өлкө башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17917