"Ашар бирикмеси" фондунун директору кайрадан кармалды
Бишкекте "Ашар бирикмеси" фондунун директору кармалды. Октябрь РИИБден кабарлашкандай, ал алдамчылыкка шектелүүдө.
Маалымдалгандай, райондук тергөө кызматына И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыздануучу "Ашар бирикмеси" фондунун директору ишенимге кирип, жакынкы аралыкта турак жай жана жеңил унаа менен камсыз кылууну убадалап, 650 000 сом акча алганын билдирген. Бирок ушул күнгө чейин убадасын аткарбай, акчасын кайтарып бербей жүргөн деп нааразы болгон.
Аталган факты боюнча 209-беренеге (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катарында 2000-жылы туулган К.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Белгилесек, жогоруда аталган фонддун директору буга чейин да "алдамчылык" боюнча кармалган.
Милиция сүрөттөгү жарандан зыян тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 (709) 10-30-00, 102.
