Бишкектин айрым көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр кирет
53
Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйынына байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрүнө чектөө кирет. ИИМден кабарлашкандай, иш-чара 4-июндан 6-июнга чейин болот.
Буга байланыштуу 3 күн бою айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө кирет. Алар:
- Фучик көчөсүнөн Васильев трактына чейин ("Манас" эл аралык аэропортунун жолу);
- Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
- Манас проспектисинен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин;
- Байтик Баатыр көчөсү.
Министрлик борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, маршрутту алдын ала пландаштырууну суранат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17933
