Сүлүктүдө шахтадан газ чыгып, жумушчулар каза болду
RU

Сүлүктүдө шахтадан газ чыгып, жумушчулар каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендин Сүлүктү шаарында 2 кенчи шахтадан чыккан казга ууланып каза болду. Бул туурасында ӨКМдан кабарлашты.

Маалымдалгандай, "Өсөр" шахтасында 4-июнда газ чыгып, 23 жана 66 жаштагы эки адам ууланган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, шахтанын ичинен эки жумушчуну алып чыгышкан. "Тез жардам" кызматкерлери кенчилердин газга ууланып каза болгонун аныкташкан.

Учурда кырсыктын себептери такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17951