Бишкекте дем алыш күндөрү 63 мас айдоочу аныкталды
RU

Бишкекте дем алыш күндөрү 63 мас айдоочу аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы дем алыш күндөрү Бишкек шаарынын аймагында "Бахус" аталышындагы рейддик иш-чара өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө алкоголдук ичимдиктерди, ошондой эле наркотикалык жана психотроптук заттарды колдонгон абалда унаа башкарган жалпы 63 айдоочу аныкталды деп айтылат маалыматта.

Эреже бузгандарга карата мыйзам чегинде укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, унаалары айып короо жайына киргизилген.

Белгилесек, 20-июндан баштап мас абалда унаа башкаргандарга 80 миң сом айып салып, 2 жылга айдоочулук укуктан ажыраткан мыйзам күчүнө кирген.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18077