Президент электрондук акчаны мурастоого укук берген мыйзамга кол койду
10
Президент Садыр Жапаров "Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Өзгөртүүлөргө ылайык, электрондук акчанын ээси каза болгон учурда, каражатты талап кылуу укугу мураска кирет.
Электрондук акчанын ээси каза болгондугуна байланыштуу нотариустун өтүнүчүн, тиешелүү мамлекеттик органдын катын же мураскорлордун (укуктук мураскорлордун), алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн талабын алгандан кийин электрондук акча эмитенти төмөнкүлөргө милдеттүү:
- каза болгон адамдын электрондук акчасы менен которууларды жасоону токтотууга;
- мураска болгон укугун тастыктаган документтерди көрсөткөн мураскерлерге же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө электрондук акчанын бар экенин, анын суммасын, ошондой эле электрондук капчыктын реквизиттери жөнүндө маалыматты берүүгө;
- мурас катталгандан кийин, эмитент (банк, компания) электрондук акчаны төлөп берүүгө, башкача айтканда, тиешелүү сумманы чыгарып же мураскорлордун эсебине которууга.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күндөн кийин - 21-июлда күчүнө кирет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18213
