Окуучуга кол көтөргөн видео тууралуу министрлик маалымат таратты
RU

Окуучуга кол көтөргөн видео тууралуу министрлик маалымат таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда мектептердин биринде окуучуга кол көтөргөн видео тараган. Агартуу министрлиги интернетке жарыяланган видео боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Министрлик окуя 2026-жылдын 29-майында Жети-Өгүз районундагы жеке менчик "Кут Билим" окуу-тарбия комплексинде болгонун билдирди.

"Учурда бул факты ИИМ тарабынан териштирилип жатат. Ошондой эле окуучулардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми мектептин директору кызматынан бошотулуп, учурда билим берүү уюмунда жаңы директор иштеп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18214