"Бишкек Аренанын" расмий ачылышы сентябрда кыргызстандыктардын катышуусунда өтөт
"Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылышы сентябрь айынын аягында болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында жазды.
Айтымында, 31-августта аталган стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы гана өтөт. Оюнга катышкан командалар парады өлкө башчылардын катышуусунда өтүп, чакан концерттик программа эле тартууланат.
"Биздин сыймыгыбыз болгон "Бишкек Аренабыздын" расмий ачылыш салтанаты жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда сентябрдын аягына чейин шаан-шөкөт, эстрада жылдыздарынын концерти менен өтмөкчү.
Анткени өлкө жетекчилигинде "ушул сыяктуу ири имарат болобу, чоң долбоор болобу ар бир кыргызстандыктын салымы бар, ошондуктан жамы журттун катышуусунда жакшынакай майрамдык маанайда өтүшү керек" деген изги тилек бар.
Андыктан стадиондун ачылышы баарыңыздардын катышууңуздар менен өзүнчө чоң салтанат, өзүнчө шаң менен болот. Демек, өлкө сыймыгы боло турчу имарат жумурай журттун бата-тилеги менен ачылганы туура деп эсептейбиз", - деди Алагөзов.
