Ак-Ордодо бычакка окшош буюм көтөрүп жүргөн өспүрүм кыз аныкталды
RU

Ак-Ордодо бычакка окшош буюм көтөрүп жүргөн өспүрүм кыз аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ак-Ордо конушунда белгисиз кыз көчөдө бычакка окшош буюмду көтөрүп жүргөн. Окуя тууралуу видео социалдык тармакка жарыяланган.

Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан видеодогу кыз аныкталып, ал 2010-жылы туулган Т.А. экени белгилүү болду. Ал милиция бөлүмүнө алып келинген.

Өспүрүмдүн аракети боюнча процессуалдык чечим кабыл алынганга чейин ал ата-энесинин көзөмөлүндө болот дешет милициядан.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18237