Эми түнкү автобустардын каттамын тиркемеден көрүүгө болот
RU

Эми түнкү автобустардын каттамын тиркемеден көрүүгө болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жаңы функция ишке кирди. Ал түнкүсүн каттаган автобустардын иши тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет дешет мэриядан.

Жаңы функция түнкү убакта каттаган автобус каттамдарынын тизмесин, багытын көрсөтөт.

Учурда №3, 13, 16, 19, 35, 45 жана 55 автобустар түнкү каттамдарды аткарышат.

"Бул функция кеч же түн ортосунда үйгө кайткандар, түнкү нөөмөттө иштегендер үчүн маанилүү", - деп айтылат маалыматта.

Кызматты колдонуу үчүн "Менин шаарым" тиркемесин ачып, "Транспорт" бөлүмүнө өтүп, андан кийин "Түнкү каттамдарды" тандоо жетиштүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18238