15 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп кетти
107
Ысык-Көлдө өспүрүм гидроциклден кулап, чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.media сайтына билдирди.
Маалыматка караганда, 12-июлда Ысык-Көл РИИБине Чолпон-Атада белгисиз адам көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Тема боюнча:
Тергөө иштеринин жүрүшүндө маркум 15 жаштагы бала экени аныкталды. Күбөлөрдүн айтымында, өспүрүм гидроциклден кулап түшкөн.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алдын ала тергөө иштери жүрүүдө.
Милиция жарандарды, айрыкча ата-энелерди жашы жете элек балдарды кароосуз калтырбоого чакырат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18240
