Бишкекте автобус тебелеп кеткен бала каза болуп калды. Видео
317
Бишкекте жүргүнчү ташыган автобус 10 жашар баланы сүзүп, тебелеп кеткен. Күбөлөр окуяны видеого тартып алышкан.
Видеодон бир нече адам автобусту көтөрүп, жабырлануучуну дөңгөлөктүн астынан сууруп чыкканын көрүүгө болот.
Бишкек ШИИББден кырсык 13-июлда саат 9:00 чамасында болгонун билдирди. Автобус Жаш Гвардия бульвары менен бара жатып Рыскулов көчөсүнө бурулганда 2016-жылы туулган А.М. аттуу жөө адамды сүзүп кеткен.
Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапты.
Бул факты боюнча 312-берене менен (5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган) кылмыш иши козголуп, автобус айып короосуна токтотулду. Ал эми айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18242
