Жаагы сынган. Чек арачылардын урушу боюнча иликтөө жүрүп жатат
RU

Жаагы сынган. Чек арачылардын урушу боюнча иликтөө жүрүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде эки чек арачы уруша кеткен окуя боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүү таратты. Андагы маалыматка караганда, окуя 9-июлда чек ара тилкесинде зым тосуу учурунда болгон.

Белгилүү болгондой, келишимдик негизде кызмат өтөгөн чек арачылар өз ара түшүнбөстүктөрдөн улам уруша кетишкен. Чырдын кесепетинен жоокерлердин бири С. Т. денесинен жаракат алган. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин Бишкектеги Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүндө жаткырылган.

"Жоокердин жаагы сынган деген диагноз коюлган. Мамлекеттик чек ара кызматы жаракат алган жоокерге бардык зарыл болгон медициналык жана уюштуруучулук жардамдарды көрсөтүп жатат. Учурда абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик чек ара кызматы ички иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди. Мыйзамга ылайык процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн тергөө материалдары Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18243