УКМК өлкөгө телефондорду мыйзамсыз ташыган топту аныктады
RU

УКМК өлкөгө телефондорду мыйзамсыз ташыган топту аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга телефондорду мыйзамсыз алып келип, аларды андан ары Бишкек шаарынын борбордук соода жайларында сатуу менен алектенген топ аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматында айтылат.

Тергөөнүн жүрүшүндө бажы жана салык көзөмөлүнөн жашыруун өткөрүлүп, мыйзамда каралган төлөмдөрдү төлөбөстөн жана милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрбөстөн алып келинген ири көлөмдөгү уюлдук телефондор партиясы алынган.

"Мыйзамсыз каналдын уюштуруучусу катары чет мамлекеттин жараны Н.Б.Ж., ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Б.И.М. кармалды. Ал материалдык сый акы үчүн Бишкек шаарында контрабандалык товарларды мыйзамсыз өткөрүүгө көмөк көрсөткөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18246