Автобус айдаган киши айдоочулук күбөлүктөн ажыратылганын жашырып жүргөн
Бишкектеги Жаш Гвардия жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде автобус тебелеп кеткен жеткинчиктен өлүмүнөн кийин мэр Айбек Жунушалиев чукул жыйын өткөрдү.
Жыйын учурунда баланы тебелеп кеткен айдоочу "Бишкек шаардык транспорт" ишканасында 2023-жылдын сентябрь айында жарактуу айдоочулук күбөлүгү менен жумушка кабыл алынганы белгилүү болгон.
"Бирок 2026-жылдын январь айында айдоочулук укугунан ажыратылган. Ал бул фактыны жумуш берүүчүдөн жашырып, ички текшерүүлөр учурунда айдоочулук күбөлүгүнүн жасалма көчүрмөсүн көрсөтүп жүргөн. Мындан тышкары сотто айдоочу убактылуу жумушсуз экенин айткан, буга байланыштуу унаа башкаруу укугунан ажыратылгандыгы тууралуу маалымат ишканага жиберилген эмес", - дешет мэриядан.
Калаа башчысы Айбек Жунушалиев жооптуу кызмат адамдарынын ишин кескин сынга алып, каттамга чыгар алдында медициналык жана техникалык кароодон өткөрүү менен катар айдоочулардын күбөлүктөрүнүн жарактуулугун да үзгүлтүксүз текшерүү зарыл экенин белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча үч күндүн ичинде кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, болгон окуянын себептери аныкталып, жооптуу адамдарды табуу тапшырмасы коюлду.
