Бишкекте автобустардын абалы, айдоочулардын күбөлүктөрү текшериле баштады
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы Бишкектеги жүргүнчү ташыган автобус базасында күтүүсүз текшерүү жүргүзүштү. Анын алкагында эреже бузуулар катталды дешет бшкармалыктан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө автобустардын техникалык абалын, айдоочулардын айдоочулук күбөлүктөрүн жана жол баракчаларын текшерүүгө милдеттүү болгон көзөмөлчү механиктер милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы аныкталган. Алар тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн эле мөөр басып, автобустарды каттамга чыгарып жатышкан деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында эки көзөмөлчү механикке карата укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, автобус айдоочулары менен жол кыймылынын эрежелерин так сактоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын айдоочулук күбөлүктөрүнүн жарактуулугу да текшерилүүдө.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
