Чек арачынын жаагын сындырганга шектелип сержант кармалды
Баткенде чек арачынын жаагын сындырганга шектелген аскер кызматкери кармалды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Белгилесек, 9-июлда чек ара тилкесинде зым тосуу учурунда сержант С. уулу Э. менен ефрейтор С.Т.Д`нын ортосунда чыр чыккан. Анын кесепетинен ефрейтордын жаагы сынган.
Бул факты боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан 388-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (ден соолукка олуттуу залал келтирүү менен бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн алкагында аскер кызматкери С. уулу Э. Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.
Мындан тышкары, Аскер прокуратурасы тарабынан мамлекеттик чек арага тосмолорду орнотуу боюнча инженердик иштерди жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузуу фактысы боюнча өзүнчө кылмыш иши козголуп, учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
