Кочкордогу базарда соодагерлер мушташты делген видео тарады
10
Нарын облусунун Кочкор районундагы базарда соодагерлер мушташты деген видео соцтармактарга тарады. Андагы маалыматка караганда, окуя 14-июлда эртең менен орун алган.
Ички иштер министрлиги окуя каттоого алынып, жаңжалдашкан тараптар Кочкор РИИБине жеткирилгенин маалымдады.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда. Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык тараптарга укуктук баа берилет.
Белгилесек, буга чейин Ош шаарындагы базарда кулпунай сатууга келген дыйкан менен башка сатуучулардын ортосунда чыр чыгып, видео интернетке тараган эле.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18260
