Нарында ток менен балык кармаган чет элдиктер өлкөдөн чыгарылды
17
Нарын облусунун Арпа өрөөнүндө мыйзамсыз балык уулаган чет элдик жарандар Кыргызстандан депртацияланды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, чет элдик жарандар экологиялык мыйзамдарды бузган. Өлкөдөн чыгып кеткенден кийин аларга Кыргызстанга кайра кирүүгө тыюу салынды.
Буга чейин Ат-Башы районунун Арпа өрөөнүндө ток менен мыйзамсыз балык уулаган чет элдиктер тууралуу видео тараган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 4 жаран аныкталып, ар бирине 10 000 сомдон, ошондой эле жайыт жерлерди унаа менен тебелегени үчүн 5 500 сом айып салынган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18263