Мэрдин тапшырмасына байланыштуу "Олд Бишкектин" администрациясы билдирүү жасады
RU

Мэрдин тапшырмасына байланыштуу "Олд Бишкектин" администрациясы билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Олд Бишкек" долбоорунун администрациясы Бишкек мэриясынын жөө жүргүнчүлөр өтмөгүндөгү чекене соода жайларынын ишин токтотуу чечимине байланыштуу расмий билдирүү жасады. Андагы маалыматта көтөрүлгөн негизги көйгөйлөр техникалык жана уюштуруучулук көз караштан тактоону талап кылары айтылат.

Белгиленгендей, жер астындагы өтмөктү техникалык жактан пайдаланууга берүү мыйзамдуу болгон.

"Ишке киргизүү этабында бардык тараптар үчүн эң башкы артыкчылык - шаар тургундарынын коопсуз жана ыңгайлуу өтүүсүн камсыз кылуу болгон. Ошондуктан жер астындагы өтмөк расмий салтанат менен ачылган эмес. Мэр Айбек Жунушалиев жеке өзү объектиге бир нече жолу келип кеткен. Бул шаар бийлиги өтмөктүн иштеп жатканынан толук кабардар болгонун, муну "өз алдынча пайдаланууга берүү" катары кароого негиз жок экенин көрсөтөт. Учурда объектини пайдаланууга берүү боюнча актыны юридикалык жактан тариздөө гана кечигип жатат. Администрация бул процессти мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө бүтүрүүгө аракеттенүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жер астындагы өтмөктү иштетүү жана жер үстүндөгү курулманы демонтаждоо эки башка процесс экенин белгилешет долбоордун өкүлдөрү.

Айтымдарында, курулушту бузуу иштери коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлүүдө. Оор техниканы колдонуу жер алдындагы конструкцияга жана жөө адамдарга коркунуч жаратышы мүмкүн. Ал эми аймакты көрктөндүрүү маселесине байланыштуу сугат иштерин жүргүзүү үчүн суу түйүнүнө кошуу өтүнүчү менен муниципалдык кызматтарга бир нече жолу кайрылып, жооп ала албай жатканын кошумчалашты.

"Мындан улам инвестордон көз каранды болбогон техникалык себептерден улам жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү азырынча мүмкүн болбой жатат.

Соода жайларынын жабылышы бир нече ишкерлерди жана кызматкерлерди өтө оор абалда калтырды. Муниципалитет менен инвестордун ортосундагы ар кандай техникалык талаш-тартыштар жана административдик пикир келишпестиктер мыйзам чегинде гана чечилиши керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилесек, бүгүн, 15-июлда "Олд Бишкекке" караштуу жер алдындагы соода түйүндөрүн жабууну тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18267