Араванда 2 киши бараткан унаа каналга түшүп кетти
RU

Араванда 2 киши бараткан унаа каналга түшүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Араван районуна караштуу Дөбө-Коргон айыл аймагындагы Фергана каналына Matiz унаасы түшүп кеткен. Унанын ичинде айдоочу жана жүргүнчү болгон.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, 2009-жылы туулган жүргүнчү ошол эле замат унаадан чыгарылып, куткарылган. Абалы туруктуу. Ал эми 1981-жылы туулган эркек кишини издөө иштери улантылууда.

Издөө-куткаруу иштерине 15 куткаруучу, 14 милиция кызматкери жана 100дөн ашуун жергиликтүү тургун тартылган.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18269