Кийинки жылы өлкөдө пластик буюмдарын өндүрүүгө, сатууга тыюу салынат
RU

Кийинки жылы өлкөдө пластик буюмдарын өндүрүүгө, сатууга тыюу салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айрым желим буюмдардын жана полимердик пленкалардын жүгүртүүсүн чектөөнү этап-этабы менен киргизип жатат. Буга байланыштуу 2027-жылдан баштап желим баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга тыюу салынат.

Министрликтен белгилешкендей, бизнести, өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды уруксат берилген альтернативдик экологиялык буюмдарга жана баштыктарга өтүүгө өз убагында даярдоо максатында системалуу маалыматтык үгүттөө жүргүзүүдө.

Пластик жана андан келип чыккан булгануу адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет, ал биздин организмге күн сайын пластик менен болгон өз ара аракеттенүүдөн улам микро- жана нано-бөлүкчөлөр түрүндө кирет, бул тамак-аш, таңгак, суу, аба аркылуу болот. Ар кандай технологиялар менен жасалган пластик буюмдардын чириши орточо эсеп менен 400дөн 700 жылга чейин созулат. Полиэтилен баштыктар жаратылышта 100-200 жыл бою чирип, туруктуу органикалык булгоочу заттар болуп саналат.

Эсе салсак, 2023-жылдан баштап Ысык-Көл облусунда, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында кээ бир пластик буюмдардын жана желим баштыктардын жүгүртүүсүнө чектөө киргизилген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18274