Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт иштерине тоскоолдук кылгандар айыпка жыгылат
RU

Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт иштерине тоскоолдук кылгандар айыпка жыгылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Жоруктар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Документте шайлоо алдындагы үгүт иштерине тоскоолдук кылгандыгы үчүн жаза чаралары каралган.

Документке ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштерине тоскоолдук кылган адамдар 5000 сом айып пулга жыгылат.

Үй ээлеринин шериктештигин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын же башкаруу компаниясын башкарган адамдар тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине тоскоолдук кылуу жеке адамдарга 5000 сом, ал эми юридикалык жактарга 10 000 сом өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Мыйзам боюнча, тоскоолдук кылуу катары мекемелерге, объекттерге же аймактарга кирүүгө мыйзамсыз тоскоолдуктарды түзүү, үгүт аянтчаларын берүүдөн негизсиз баш тартуу, аларды пайдаланууну токтотуу талаптары жана мыйзамдуу шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө тоскоолдук кылган же олуттуу тоскоолдук кылган башка атайылап жасалган аракеттер кирет.

Мыйзам он күндөн кийин күчүнө кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18278