Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалы "Ала-Тоо" аянтында көрсөтүлөт
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши түз көрсөтүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Финалдык оюн 19-июлда саат 21:00дө көрсөтүлөт. Ал үчүн янтка жогорку сапаттагы чоң LED-экран жана заманбап үн жабдуулары орнотулат.
Түз көрсөтүү башталганга чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн кызыктуу маданий-көңүл ачуучу программа даярдалган. Сахнада Ulukmanapo, Jax 02.14, Freeman 996, Бегиш, Баястан, Бек Борбиев, Ния, Афток ырдашат. Мындан тышкары интерактивдүү аянтчалар, кызыктуу сынактар, баалуу белектердин ойнотулушу, ошондой эле түрдүү тамак-аштар жана сергитүүчү суусундуктар сунушталган фуд-корт уюштурулат.
Иш-чарага байланыштуу саат 19:00дөн баштап Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Эмгек даңкы аянтына чейин унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды фан-зонага келип, жылдын эң башкы беттешин бирге көрүүгө чакырат.
