Бишкек шаардык соту Имамидин Ташовдун ишин карап, өкүм чыгарды
Бишкек шаардык соту KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовго өкүм чыгарды.
Бүгүн, 17-июлда соттук коллегия Имамидин Ташовду мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
Тагыраагы, Ташов "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси боюнча акталып, "Бийликти күч менен басып алуу", "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" боюнча күнөөлүү деп табылды. Муну менен Биринчи Май райондук сотунун 9 жылдык жаза мөөнөтү 1 жылга кыскартылды.
Белгилесек, Имамидин Ташов 2024-жылы апрелде УКМК тарабынан кармалган. Комитет ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып коюлган. Андан сырткары алдамчылык боюнча да иш козголуп, тергелип жатканы белгилүү болгон.
