Президент чет элдик жумушчулар боюнча сын-пикирлерге жооп берди
RU

Президент чет элдик жумушчулар боюнча сын-пикирлерге жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк жумушчулар боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берди. Анда акыркы убакта мыйзам бузган чет элдик жарандарга карата кандай чаралар көрүлүп, канчасы өлкөдөн чыгарылганы тууралуу сандарды айтты.

"Баары көзөмөлдөн чыгып кетти" деген пикирге кошулбайм. Тескерисинче, мыйзам бузган ар бир чет өлкөлүк жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүлүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы айларда эле 3000дей чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылган. Жакында 100гө чукул жаран депортация болот. Мамлекеттин мыйзам бузгандарга карата жообу ушул сандарда", - деди президент.

Ошондой эле коом тарабынан айтылган сын-пикирлер дагы жөн жерден чыкпаганын, сындарды угуп, окуп жатканын жана аны туура кабыл аларын билдирди.

"Чынында эле жергиликтүү бийлик органдары мындай масштабдагы эмгек миграциясына толук даяр эмес болуп чыкты. Ошондуктан бүгүн алардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, укук коргоо органдары менен биргеликте алдын алуу, түшүндүрүү жана көзөмөл иштерине өзгөчө көңүл бурулууда. Биздин принцип абдан жөнөкөй. Кыргызстанга ким болбосун иштегени келсе мыйзамды сактап, биздин коомдук тартипти, каада-салтты жана жаратылышты урматтап иштеши керек", - дейт.

Мамлекет башчы айрымдар чет өлкөлүк жумушчулар менен туристтерди аралаштырып, коомчулукту адаштырып жатат деген оюн айтты. Ал акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстанга 370 миңден ашуун кытайлык туристтик виза менен келип кеткенин белгиледи.

"Ошондуктан турист менен эмгек мигрантын бир түшүнүк катары кароо туура эмес. Бирөө иштөө үчүн келет, экинчиси болсо өлкөбүзгө акча алып келип, экономикага кошумча киреше калтырып кетет", - деди.

Чет өлкөлүк жумушчулар Кыргызстанга туруктуу жашап калуу үчүн эмес, конкреттүү долбоорду ишке ашыруу үчүн келерин, долбоор аяктагандан кийин алар өлкөдөн чыгып кетишерин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18286