Курулуш министрлиги жеткинчектердин вдеосунан кийин ата-энелерге кайрылды
RU

Курулуш министрлиги жеткинчектердин вдеосунан кийин ата-энелерге кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курулуп бүтө электе имаратта жүргөн жеткинчектердин видеосунан кийин Курулуш министрлиги ата-энелерге кайрылды.

Белгилүү болгондой, бир нече бала жүнгөн объект Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсү 64 дарегинде жайгашкан. Курулуш иштери 2014-жылы токтотулган. Бүгүнкү күндө объект бүтпөй, консервацияланган абалда турат жана көйгөйлүү курулуш объектилеринин тизмесине кирген.

"Учурда объект куруучу компания тарабынан иш жүргүзүлбөгөндүктөн, кароосуз калган. Аймак тосулган, бирок объектте туруктуу кайтаруу кызматы уюштурулган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик ата-энелерди балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга, кароосуз калган курулуш объекттерине жана кооптуу аймактарга баруунун кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18289