Бишкектин тургундары Алексей Филатов менен коштошту (фото)
RU

Бишкектин тургундары Алексей Филатов менен коштошту (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-сентябрда, коронавирустук пневмониядан каза болгон белгилүү теле алып баруучу Алексей Филатовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Алексей 32 жашта болчу.

Аны менен коштошуу шаардык моргдун жанында өтүүдө. Ковиддин чектөөлөрүнө байланыштуу, аны менен коштошуу үчүн эң жакын 50дөй жакын адамдары келишти.

Алексейдин устаты деп эсептелген Ассоль Молдокматова келе алган жок. Ал чет өлкөдө жүрүп, Алексей менен коштошо албаганына өкүнгөнүн жазган.

Алексейди акыркы сапарга узатууга келген кесиптештери анын ар дайым чыгармачыл адамдарды колдоп келгенин, өзү да абдан таланттуу адам экенин айтышкан.

Ал элге стимул жана мотивация берди. Жаткан жери жайлуу болсун.

Алексейдин сөөгү Восток айылынын көрүстөнүнө коюлат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3495